Биз менен байланышыңыз

Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 44 кылмыш катталды

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1409 | 0

Шайлоо алдындагы үгүт иштери жана добуш берүү процесси башталгандан бери мыйзам бузуулар жөнүндө Ички иштер министрлигине 255 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу 11-апрелде брифингде ИИМдин тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов кабарлады.

Анын ичинен 44 факты кылмыш, 35 учур жорук, 23 маалымат бузуулар боюнча катталды. Калганы электрондук журналга жазылып, аныктыгы тастыкталууда.

Аймактар боюнча алганда, Бишкектен — 56, Ош шаарынан — 74, Чүй облусунан — 67, Ысык-Көл облусунан — 5, Нарын облусунан — 6, Ош облусунан — 24, Жалал-Абад облусунан — 15, Талас облусунан — 4, Баткен облусунан — 4 кайрылуу түштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM