Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын ханышасы Елизавета IIге жолдошу — ханзаада Филиптин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Улуу даражалуу, Эдинбург герцогу улуу даражалуу ханзаада Филиптин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын элинин аза кайгысын тең бөлүшөм. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан ханышанын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгынын элине жана Британия Шериктештигине мүчө болгон бардык мамлекеттерге көңүл айтам», — деди Садыр Жапаров.