Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык альпинист Эверестти багынтууну көздөйт

Кыска кабар , Спорт | 10 Апр 2021 | 1445 | 0

Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов 8848,8 метр бийиктикте жайгашкан Эверестке эл аралык экспедициянын курамында чыгууну мерчемдеп жатат. Бул тууралуу альпинист менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Марат Аскарбековдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө М. Аскарбеков мамагенттиктин атынан альпинистке жаңы бийиктиктерди ийгиликтүү багындырып, аман-эсен кайтып келишин каалады.

Эверестке жүрүш 12-апрелде легендарлуу орус альпинисти Александр Абрамовдун жетекчилиги астында башталып, май айынын аягына чейин уланат. Чыгуу Непалдын түштүк жолу менен мерчемделүүдө. Экспедициянын курамына Орусиянын, Израилдин, Малайзиянын, Өзбекстандын, Кыргызстандын тажрыйбалуу жана күчтүү альпинисттери кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM