Биз менен байланышыңыз

Аламүдүн районунун тергөөчүсү камакка алынды

Кыска кабар | 10 Апр 2021 | 1377 | 0

Чүй облусунун Аламүдүн районунун тергөөчүсү Д.Б. «опузалап пара алуу» беренеси менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган тергөөчү буга чейин кылмыш козголгон М.Т. аттуу жарандын сотко чейинки ишин токтотуп берүү үчүн опузулап 2 миң доллар пара алган. Бирок жагдайдын билинип калышынан корккон тергөөчү 1500 долларын кайра кайтарып берип, калган 500 долларын берип жаткан учурда УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлерине кармалган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM