Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Кыргызстандын дзюдо академиясы ачылды

Кыска кабар , Спорт | 10 Апр 2021 | 1566 | 0

Кечээ, 10-апрелде Бишкек шаарында Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалым болгондой, иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.

Иш-чаранын сыйлуу коноктору Мариус Визер, Обейд Аль Анзи жана Жолдошбек Көлбаев кызыл лентаны кесип, Кыргызстандагы биринчи дзюдо акамдемиясынын ачылыш урматына карагай отургузушту.

Саламат Эргешов Мариус Визерди Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен сыйлады.

Обейд Аль Анзи өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда дзюдо академиясынын ачылышы бүткүл Азия дзюдо союзу үчүн чоң сыймык жана кубанычтуу иш-чара болуп саналат деп белгиледи: «Бул академиядан дзюдо боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондору чыгат деп ишенебиз. Мен ачылыш аземге өзүм катышып, кыргыз дзюдосунун тарыхындагы маанилүү окуянын катышуучусу болгонума кубанычтамын».

Белгилей кетсек, академия Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулду. Аянты 3700 чарчы метрге барабар академияда 8 татами комплекти орноштурулуп, улуттук курама команда жана дзюдо менен машыгуунун каалагандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM