Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык балбандар 2 алтын, 1 күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 10 Апр 2021 | 1388 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо бере турган Азия квалификациялык мелдеште алтын медаль, ал эми балбан Үзүр Жусупбеков күмүш медаль алды.

Мелдеш 9-11-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүүдө.

Шаршенбеков, Махмудов жана Жусупбеков турнирдин чейрек финалынан тарта күч сынашты.

Белгилей кетсек, аталган мелдештин финалына чыкканы үчүн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Акжол Махмудов (77 кг) жана Үзүр Жусупбеков (97 кг) 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алган.

Эскерте кетсек, буга чейин Олимпиада оюндарына Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү), Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Дарья Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая (жеңил атлетика), Денис Петрашов (сууда сүзүү) лицензия алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM