Биз менен байланышыңыз

Белгилүү виртуоз гитарачы, ырчы, көз боочу Мисир Иптаров көз жумду

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 2267 | 0

Виртуоз гитарист, музыкант, көз боочу Мисир Иптаров 62 жашында көз жумду. Бул кабарды «Маралга» жакындары угузду.

Мисир Иптаров 1959-жылы 12-февралда Кочкор районунун Мантыш айылында туулган. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин аяктаган.

Ал бир нече музыкалык аспаптарда ойной алган. Айрыкча комуз күүлөрүн гитарага салуу аркылуу кыргыз музыка дүйнөсүнө жаңылык жасаган. Ошондой эле ырчы, көз боочу катары таанымал болгон.

Мисир Иптаровду акыркы сапарга узатуу 11-апрель саат 11де өз үйүндө өтөт.

«Марал» телерадио компаниясы маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM