Биз менен байланышыңыз

Олимпиада оюндарына тогузунчу жолдомону Үзүр Жусупбеков алды

Кыска кабар , Спорт | 9 Апр 2021 | 1645 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Үзүр Жусупбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алды.

Бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталган. Анда Жусупбеков 97 кг салмакта күрөшкөн.

Жусупбеков чейрек финалдагы атаандашы индиялык Рави болгон. Таймаш кызуу жүрүп, кыргызстандык балбан 9:0 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыккан.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Жусупбеков кореялык балбан менен күрөшүп, 6:0 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстандык балбан финалга чейин жетип, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн тогузунчу болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Дария Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая жана Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM