Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов Токио олимпиадасына жолдомо утуп алды

Кыска кабар , Спорт | 9 Апр 2021 | 1891 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталган. Анда Махмудов 77 кг салмакта күрөшкөн.

Махмудов чейрек финалдык күрөштө палестиналык спортчу Рабие Халилди 11:0 эсебинде утуп, жеңишке жетти.

Жарым финалдык беттеште кыргызстандык балбан индиялык Сингх Гурприт менен күрөштү. Махмудов 8:2 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыгып, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Алматыдагы лицензиялык турнирдин финалында Махмудовдун атаандашы япониялык Шохей Ябику болот.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн сегизинчи болду. Буга чейин балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков жана Жоламан Шаршенбеков, жөө күлүк Дария Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая жана суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM