Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Токио олимпиадасына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 9 Апр 2021 | 1963 | 0

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алды.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 9-апрелде Алматы шаарында Азия аймагындагы күрөш боюнча лицензиялык мелдеш башталган. Анда Шаршенбеков 60 кг салмакта күрөшкөн.

Шаршенбеков чейрек финалдагы атаандашы кореялык Ханжаэ Чунг болгон. Таймаш кызуу жүрүп, кыргызстандык балбан 6:2 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыккан.

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Шаршенбеков индиялык Ганендер менен күрөшүп, 6:1 эсебинде жеңишке жетти.

Кыргызстандык балбан финалга чейин жетип, Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Бул лицензия Кыргызстан үчүн жетинчи болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков, Дария Маслова, Юлия Андреева жана Мария Коробицкая жана Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM