Биз менен байланышыңыз

Тажик президенти Ворухка атайын иш сапары менен келди (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 2835 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Согди облусунун Ворух аймагына иш сапары менен келди. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы жазды.

Ворухта бүгүн президенттин катышуусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 7 ири объектинин ачылышы болот. Мисалы, Улуттук желектин аянты, Маданият ордосу (Кохи фарханг), мектептин жаңыланган имараты, ичүүчү суу менен камсыздоо линиясы, калкты тейлөө борбору, тигүү цехи, кондитердик цех жана интенсивдүү бакча ачылат.

Эмомали Рахмон Ворухтун активисттери жана тургундары менен да жолугушат.

Буга чейин Шураб шаарчасы үчүн суу линиясы ачылып, укук коргоо органдарына үй берилген.

Ворух Тажикстандын Кыргызстанда жайгашкан эксклавы болуп саналат. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдары менен чектеш жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуу көбүнчө ушул аймактан чыгып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 26-марттагы брифингде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоодогу негизги маселе Ворух анклавы экенин, бул боюнча Кыргызстан кошуна өлкөгө 2 сунуш бергенин айткан.

Ташиев Тажикстандын экс-министрине чек ара боюнча жооп кайтарды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM