Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада өлкөдө 15 өрт кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1552 | 0

Соңку суткада өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт чыккан облус-шаарлар:

— Бишкек шаарында — 4,

— Жалал-Абад облусунда — 1,

— Баткен облусунда — 1,

— Ош облусунда — 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылынын Ильин көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн себеби электр зымдарынын тийишип кетүүсү болгон. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Сыдыков-Коенкозов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 4 чарчы метр кароолчу будка күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Алай районунун Гүлчө айылындагы Нарматов көчөсүндө жайгашкан 24 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1965-жылы туулган эркек адам каза болгон. Учурда себеби такталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM