Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети чет элдиктер үчүн кумаркана ачууну колдоду

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1649 | 0

Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер гана кумар оюндарын ойной турган оюн-зоок комплексин куруу сунушталды. Мыйзам долбоору 6-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жактырылды.

Сунушталган мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу мерчемделген.

Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген. Ал өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү, туристтик тармакты өнүктүрүү максатында иштелип чыкканы айтылган.

«Буга чейин кумар оюндарына тыюу салынган. Андан улам бюджет 600 миллион сомдон ашык жоготууга учурады, жалпы 11 миң жумуш орун азайган. Биз сунуштап жаткан мыйзам боюнча көңүл ачуучу комплекс чет элдик жарандар үчүн гана иштейт. Комплекстин аймагы тосулуп, ал жабык аймак болот», — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM