Биз менен байланышыңыз

Лейлек: Майты аймагындагы 3 га үлүш жер боюнча түшүндүрмө

Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1634 | 0

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Майты жергилигиндеги 2,67 га үлүш жери жөнүндө түшүндүрмө берди.

6-апрелде жергиликтүү тургундар аталган жер аянтында айдоо иштерин улантышарын айтышкан. Бул үлүш жер Тажикстан менен чектеш аймакта жайгашкан.

Маалыматка караганда, 2005-жылы аталган аймакта 32 гектар аңыз-шалбаа Жогорку Кеңештин чечими менен трансформация болгон, анын 24 гектары үлүшү жок жергиликтүү тургундарга бөлүнүп берилген. 8 гектары айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунда калган.

Азыр сөз болуп жаткан 2,67 га тилкеси үлүш жер катары жергиликтүү тургунга бөлүнүп берилген. Ал жарандан дагы башка тургун ижарага алып, 2017-жылга чейин тажик жарандары менен биргеликте иштетип келген. Бирок акыркы үч жылдан бери ал жер талаштуу болгондуктан эч нерсе айдалбай келет.

Буга чейин Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев аталган аймакка барып, эл арасында  түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берген. Андан кийин эки тараптын акимдери, кадастр кызматтары жолугуп, жер иштетүү жумуштарын токтотуу жана эки тарап тең талаштуу аймакка кирбей турууга макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM