Биз менен байланышыңыз

Тилекмат Кудайберген уулу 15-апрелге чейин камакта калтырылды

Кыска кабар | 6 Апр 2021 | 1482 | 0

«Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» жана «Массалык башаламандык» уюштурууга шектелип кармалган активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)  15-апрелге чейин камакта калтырылды.

Бүгүн, 6-апрелде Тилекматтын иши боюнча сот отуруму болуп, сот имаратынын сыртына активисттин колдоочулары чогулду.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун 17-марттагы чечимине ылайык, Куренов бир айга камакка алынган.

Активист Тилекмат Куренов социалдык тармактагы баракчасына бийликти сындаган пост жазганы үчүн 15-мартта кармалган.

Ошол эле күнү анын үйү да тинтүүгө алынган. Укук коргоо органдарынан маалымдагандай, Тилекмат Куреновдун Фейсбуктагы постуна «бийликти күч менен басып алууга үндөгөн» деген кине коюлуп жатат.

Учурда бул боюнча соттук экспертиза дайындалган. Анын иши Свердлов райондук сотунда каралууда.

Тилекмат Куренов буга чейин «Жетим-Тоону коргоо» кыймылын түзгөн, ал 9-мартта «Ханституцияга каршыбыз» акциясына да катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM