Connect with us

Жаңы бийлик Июнь коогалаңын кайра иликтейт

Кыска кабар , Саясат | 5 Апр 2021 | 2301 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Президент мындан 11 жыл мурун болгон Июнь окуясын иликтөөнү УКМКга тапшырды. Бул коомдо түрдүү пикирлерди жаратты. 

Президент Садыр Жапаров 2010-жылы болгон июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырды. Ошондой эле жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы жөнүндө толук маалымат берип, мыйзамдуу жана бейтарап чечимдерди кабыл алуу милдеттендирилди.

Июнь окуясы буга чейин эл аралык, мамлекеттик, депутаттык комиссиялар тарабынан иликтенип чыккан. 11 жыл мурдагы коогалаңды кайрадан иликтөөгө жүйө барбы?

«Июнь коогалаңына» 10 жыл. Окуяга байланыштуу хронология

Быйыл Ош жана Жалал-Абад облусунда болгон июнь коогалаңына 11 жыл толот. Азыркыга чейин көптөгөн жагдайлар боюнча кылмыш иштер ачылбай калганын «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Ал Июнь окуясы боюнча иликтөө жүргүзүп, бир канча жолу атайын баяндама чыгарган.

Абдирасулованын маалыматына караганда, кандуу окуяда 492 адам ар кандай жагдайда каза болуп, 4 миңден ашык кылмыш иши козголгон.

Ал курал-жарактардын коопсуздугу боюнча токтолуп, 41 миң ок-дары, 282 аскердик техника тартылып алынганын, анын көбү кайтарылып берилбегенин мисал келтирди. Ошондой эле 11-июнга караган түнү ким биринчи ок чыгарганы толук ачыкталган эмес.

— Убактылуу Өкмөт 2010-жылы 11-июнга караган түнү саат 02.00дө Ош шаары жана Ош облусу боюнча «өзгөчө абал» киргизген. 10 мүнөт өткөндөн кийин БТР менен айланып ок атыла баштаган. Ошондо «эң биринчи өлгөндөрдүн, жарадар болгондордун тизмесин иликтегиле» деп Аскер прокуратурасына бергенбиз, иликтенген жок.

2011-жылы Башкы прокуратура башында турган Улуттук комиссия Июнь окуясы тууралуу жасаган иликтөөсүнүн корутундусун жарыялаган. Анда жалпы 5 миң 642 иш ачылганы айтылган.

Абдирасулова Июнь коогалаңына саясий баа берилгени менен укуктук жактан дале ачыктала турган жагдайлар көп эсептейт.

— Июнь окуясы — өтө оор жана татаал маселе. Бул — казылбаган терең кудук. Мен мындай айтат элем. Окуянын эгер дагы иликтей турган болсо, көп адам жоопкерчиликке тартылат. Ошол бийлик өкүлдөрүнөн да тартылышы мүмкүн. Убагында Улуттук комиссия «эки эл тынчып кетсин» деп саясий баа берүүгө аракет кылышкан, бирок чыныгы укуктук талаада баа берилген жок.

2010-жылы болгон окуядан кийин октябрда парламенттик шайлоо болуп, азыркы президент Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин азыркы башчысы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков жетектеген «Ата журт» партиясы Жогорку Кеңешке келген. Партиянын аты Июнь окуясынын фонунда көпчүлүккө таанылган.

Ошол маалда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп турган Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев кандуу окуя толук иликтенип бүткөн деп эсептейт. Анын пикиринде, азыркы президенттин бул коогалаңды кайра териштирүү аракети саясий заказ болушу мүмкүн.

— Биринчиден, Июнь окуялары боюнча эл аралык комиссия иштеген. Андан кийин мамлекеттик, депутаттык комиссиялар иликтеген. Бардык жагдайлар терең териштирилген. Жыйынтыктары эң жогорку деңгээлде жарыяланып, тиешелүү чечимдер чыккан. Менин оюмча, бул окуя тууралуу жаңы бир нерсе табуу кыйын, жок деп айтса болот. Саясий да, укуктук да, бардык баа берилген.

Экинчиден, Июнь коогалаңын кайра иликтесе да, эмнеге ал тапшырма Улуттук коопсуздук комитетине берилип жатканын түшүнбөй турам. Себеби жаңы жагдайдарды, мыйзамдуулукка байланыштуу маселелерди иликтей турган болсо, ал милдет Башкы прокуратурага берилиши керек эле. Ошондуктан менин оюмча, Июнь окуясын иликтөөнү УКМКга тапшырганы жаңы жагдайларды ачыктоо үчүн эмес, ошол кезде бийликке келип, жаңы ишке киришкен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө бир ишти жабыштырып, ошолордун артынан түшүү максаты болсо керек деп ойлойм. Анын үстүнө УКМК азыр эмне менен алек экенин көрүп турабыз да.

Үчүнчүдөн, Июнь окуялары болгондон бери 11 жыл өттү. Кылмыштардын мөөнөтү эскирди деген түшүнүк бар. Ошондуктан азыркы бийликтин бул аракети – саясий заказ болушу мүмкүн.

Ошол кезде Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Эмилбек Каптагаев Июнь окуяларын кайра иликтөө демилгесин колдойт. Анын пикиринде, иликтенбей чала калган маселелер бар.

— Мен бир эле маселени айтат элем. Ошол кезде Өзбекстандын президенти болуп турган Ислам Каримов БУУнун трибунасынан Июнь коогалаңын үчүнчү күчтөр уюштурган деп айткан. Андан бир аз убакыттан кийин Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, «Бир өлкөнүн төрт эле генералынын айынан өлкөнүн түштүгүндө канча адам кырылган», — деген пикир айтты. Менин оюмча, мына ушул сыяктуу жагдайлар терең иликтениши керек. Анткени ошол учурдагы сырткы күчтөрдүн бул кандуу трагедияга таасири такталбай калды. Ошондуктан менин оюмча, ушул сыяктуу суроолорго жооп алуу үчүн окуяны кайра иликтөө туура эле болот. 

2010-жылы Убактылуу Өкмөттү башкарып турган экс-президент Роза Отунбаева да июнь окуялары кайрадан иликтениши керектигин айткан. Ал ошол кезде жаңжал чыгарууга көп күчтөр кызыкдар болгонун «Азаттык» радиосуна ачыктаган.

Бирок талдоочулар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кандуу окуяны толук иликтеп чыгышына ишеними аз.

2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында массалык кагылышуу болуп, жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылып, уруш, талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар болду.

УКМКнын азыркы башчысы, Июнь окуяларынын ичинде жүрүп, улут аралык чырды токтотууга салым кошкон. Ал «Марал» радиосуна 2020-жылы 10-июнунда маек куруп, каргашалуу окуяга байланыштуу китеп жазганын айткан:

Copyright © 2017 Maral FM