Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ит тиштеген баланын абалы айтылды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1845 | 0

Бишкекте ит кол салган баланын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү минстрлигинин басма сөз кызматы «Маралга» билдирди.

Буга чейин интернетте чоң ит окуучу балдар менен аялга кол салып, аларды тиштеген видео тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң куткарып калышкан. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Министрликтин маалыматында «Баланын абалы канааттандырарлык. Ит бутунун ылдый жагын бир нече жеринен тиштеп алган. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат».

Бул окуя боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси («Майда бейбаштык») менен иш козголду. Баланын жаракаты канчалык экени соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Милиция учурда иттин ээсин издөөдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM