Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков Азия чемпионатына катышат

Кыска кабар , Спорт | 5 Апр 2021 | 1734 | 0

Кыргызстандык балбандар күрөштүн түрлөрү боюнча Казакстанда өтө турган Азия чемпионатына жана Азия аймагындагы лицензиялык турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиада оюндарына лицензия бере турган турнир 8-17-апрель күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев, Эламан Догдурбек уулу, Улукбек Жолдошбеков жана башкалар катышат. Ал эми кыздардан Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Назира Марсбек кызы күч сынашат.

Ал эми Азия чемпионаты 13-18-апрель күндөрү болот. Мелдешке эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков, Алибек Осмонов, Айаал Лазарев, грек-рим күрөшүнөн Урмат Аматов, Руслан Царев, Кайрат Түгөлбаев, Амантур Исмаилов, Атабек Азисбеков, Мурат Рамонов жана башкалар катышат. Кыздардан Айсулуу Тыныбекова менен Нураида Анаркулова күч сынашат.

Спортчуларды алты машыктыруучу коштоп барат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM