Биз менен байланышыңыз

Бир жумада 5 миң 582 жол эрежесин бузуу катталган

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1300 | 0

Бишкекте 26-марттан 1-апрелге чейин 5 миң 582 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, төмөнкүдөй эреже бузуу катталган:

— Мас абалында унаа башкаруу — 59;
— Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 15;
— Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу — 88;
— «Коопсуз шаар» долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар — 113;
— Башка жол эрежелерин бузуулар — 5 307.

Ошондой эле 502 унаа убактылуу айып жайына токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери шаардыктардан өздөрүнүн коопсуздугу үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоону суранышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM