Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Европада шаар аянттары жана көчөлөрү ээн калды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1628 | 0

Ушул эс алуу күндөрү христиандардын пасха майрамын утурлай, Европада шаар аянттары жана көчөлөрү ээн калды. Еробиримдик өлкөлөрүнүн көпчүлүгүнүн жашоочулары пандемиянын үчүнчү толкуну менен капталган пасха — дем алыш күндөрүн үйдөн чыкпай өткөрүшү керек.

Италияда жалпы улуттук карантин жарыяланды. Дүйшөмбүгө чейин, өтө зарылчылык болбосо, үйдөн чыгууга тыюу салынган.

Италия бийлигинин буйругу менен, башка өлкөдөн келген коноктор беш күн бою өздөрүн обочолонтушу керек. Анткен менен, көптөгөн италиялыктар чет өлкөгө чыгуу планынан баш тарткан жок.

Германиянын президенти өз жарандарын жакынкы апталарда «олуттуу чектөөлөргө» даяр болууга үндөдү.

Ошону менен бирге, француздар үчүн майрам да карантиндин көлөкөсүндө калды. Ишемби күнү кечинде аларга үйүнөн 10 чакырым алыстыкта ​​жүрүүгө тыюу салынды.

Бирок, дүйшөмбүгө чейин аймактар ​​арасында жүрүүгө уруксат берилди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM