Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Түркияда илдет жуктургандардын рекордтук саны кайрадан жаңыланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Апр 2021 | 1665 | 0

Учурда Стамбул шаарынын көчөлөрүндө Санитардык кызматтын кызматкерлери  көчө тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

— Түркияда акыркы төрт күн катары менен коронавирус илдетинин көбөйүшү боюнча пандемия башталгандан берки рекордтук көрсөткүчтү көрсөтүүдө. Республиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ишемби күнгө карата оору жактургандардын саны  44 756га жетти, 186 бейтап каза болду, 2231 бейтаптын абалы оор экендиги маалымдалган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, көпчүлүк түрк провинцияларында инфекциялардын саны көбөйгөндүктөн, дем алыш күндөрү — жума күнү саат 21.00дөн дүйшөмбүгө чейин 5.00гө чейин коменданттык саат киргизилүүгө тийиш экенин айткан.

Январь айында Түркия коронавируска каршы кытайлык Sinovac Biotech компаниясынын CoronaVac дарысы менен эмдөөнү баштаган. Март айынан бери өлкө Pfizer / BioNTech вакцинасын колдонууда. Биринчи этапта вакцина дарыгерлерге, мугалимдерге жана кары адамдарга берилди. Эмдөөдөн өткөн жарандардын саны 16 миллиондон ашты, 7 миллиондон ашык вакцинанын эки дозасын тең алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM