Биз менен байланышыңыз

«Шумкар» атайын багыттагы полкунда саптык кароо өткөрүлдү

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1366 | 0

Бүгүн, 3-апрель күнү Ички иштер министрлигинин «Шумкар» атайын багыттагы полкунда саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу полктун басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, полктун командири милициянын полковниги А.Ишенбаев өздүк курамга 2021-жылдын 11-апрелинде өтө турган Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун сактоодо, ар бир кызматкер алдына коюлган тапшырмаларды өз убагында туура, кынтыксыз аткаруусу боюнча талаптарды койду.

Саптык кароо ИИМдин буйругунун талаптарын аткаруу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсызоону жогорку деңгээлде аткаруу максатында өткөрүлдү.

Саптык кароонун жүрүшүндө бир топ кызматкерлер медаль жана грамота менен сыйланышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM