Биз менен байланышыңыз

Президенттин жубайы ишембиликке катышты

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1537 | 0

Президенттин жубайы Айгүл Жапарова ишембиликке чыкты. Ал начар уккан жана укпай калган балдардын мектеп-интернатына барды.

Интернаттын тарбиялануучулары иш-чаранын конокторуна концерттик программа тартуулады. Көңүл буруп, кам көрүп жаткандыгы үчүн биринчи айымга ыраазычылык билдиришти.

Интернаттын директору Эркингүл Сатывалдиеванын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинин аймагына 150 түп көчөт отургузуу пландалууда.

«Бизде 300дөн ашуун бала бар. Бүгүн алар биринчи айым менен таанышып, аны менен ишембиликке чыгышты. Айгүл Жапарова бизге тамак-аш азыктарын жана балатынын көчөттөрүн алып келди», — деди Сатывалдиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM