Биз менен байланышыңыз

Чүй облусунда 8 жетекчи аттестациялоодон өтпөй калды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1082 | 0

Чүй облусундагы район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аттестациялоого 21 жетекчи катышып, анын ичинен 3 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтпөй калган.

Соңку баскыч, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен дагы 5 жетекчи «ээлеген ордуна татыктуу эмес» деп табылган. Ошондой эле 16 талапкер боюнча «ээлеген ордуна туура келет» деген чечим чыгып, кызматынан жогорулатуу, кадрлар резервине алуу чечимине бир да жетекчи ээ болгон эмес.

Аттестациялоочу комиссиянын корутундусу тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Өкмөткө жөнөтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM