Биз менен байланышыңыз

«Ак-Тилек-автожол» жана «Карасу-автожол» өткөрүү жайында жаңы көпүрө курулат

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1301 | 0

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынында Кыргызстандын «Ак-Тилек-автожол» жана Казакстандын «Карасу-автожол» өткөрүү пункттары ортосундагы жаңы көпүрөнү куруу жана эски көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу макулдашылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, тараптар өз ара товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу, эки тараптуу соода, транзит жана логистика жаатындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алды.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында өнөр жай кооперациясын, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү, индустриалдык жана соода зоналары каралган соода-логистикалык борборлорду түзүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

Тараптар эпидемиологиялык талаптарды сактоону эске алуу менен Казакстандын аймагы боюнча транспорттук каражаттардын, ошондой эле жарандардын эркин кыймылы жана транзити үчүн макулдашылган чараларды кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Бишкек шаарынан Талас шаарына багыт алган жана кайрадан Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу кайткан автобустук жүргүнчү маршруттардын транзиттик өтүүсү,  Казакстанстандын аймагы аркылуу транзит аркылуу үзгүлтүксүз темир жол транспорту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташууну жандандыруу маселеси талкууланды.

Инвестициялык кызматташтыкты мындан ары карай кеңейтүү алкагында биргелешкен ишканалардын санын жогорулатуу маселеси, ошондой эле инвесторлорду коргоо чаралары талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM