Биз менен байланышыңыз

Казакстандын ЖОЖдоруна квота 50 орунга чейин жогорулатылды

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1074 | 0

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынында Казакстандын жогорку окуу жайларына тапшыра турган кыргыз абитуриенттери үчүн квоталарды 50 орунга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Мындан сырткары казак тарап Бишкек шаарында «Аль-Фараби» атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачууга даярдыгын билдирди.

Ошондой эле биргелешип өнүктүрүү алкагында «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Хоргос» Эл аралык чектеш кызматташтык борборунун кызматташуусу жөнүндө Меморандумга кол коюлду, ошондой эле I Аймактар аралык форумун өткөрүү макулдашылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM