Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл артисти Хадима Берикбаева көз жумду

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1324 | 0

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин музыканты, кыл кыякчы Хадима Берикбаева 75 жашында дүйнөдөн өттү. Кабарды өзү иштеген мекеме угузду.

Хадима Берикбаева 1946-жылы 10-мартта Аламүдүн районундагы Арашан айлында туулган. 1965-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын эл аспаптар бөлүмүн аяктаган. Окууну аяктаган жылдан тарта өмүрүнүн соңку учурларына чейин К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген.

Хадима Берикбаева чыгармачылык эмгек жолунда көптөгөн ийгиликтерге жетишкен. Эң алгач Москвада өткөн Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик концертке катышкан. Ошондон тарта бир нече алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө оркестрдин курамында концерттерге катышып келген. Атай Огонбаев атындагы комузчулар тобунда, Токтосун Тыныбеков атындагы ооз комузчулар тобунда, элдик чыгармаларды дүйнөгө тааныткан. 1983-жылдан баштап, Хадима Берикбаева чет өлкөлөргө концерттик программалар менен чыга баштаган.

Залкар кыл кыякчы Саид Бекмуратовдон сабак алган. Кыргыз аялдарынын ичинен кыл кыякты биринчилерден болуп алып чыгып, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге иштеп чыккан. Оркестрде эмгектенүү менен бирге, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияда да эмгектенип, көптөгөн өнөрлүү жаштардын өсүп чыгышына салым кошкон.

Улуттун маданиятына жана искусствосуна сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти ардак наамы ыйгарылган. Андан тышкары көптөгөн орден-медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

«Марал» телерадио компаниясынын жалпы жамааты маркумдун кызы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор Жамиля Муратовага жана жакындарына, кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM