Биз менен байланышыңыз

ЮНИСЕФ Кыргызстанга 12 млн сомдук коргонуу каражатын берди

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1228 | 0

ЮНИСЕФ Кыргызстан үчүн 12 миллион сомдон ашуун каражатка жеке коргонуу шаймандарын жана тест тутумдарын сатып алды. Бул тууралуу БУУнун Балдар фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигине 24 миң 200 даана беткап, 4 миң коргоочу костюм жана 4288 даана көз айнек берилди.

ЮНИСЕФ ошондой эл 8 миң ПЧР-тестин жана лабораториялык материалдарды сатып алды. Диагностикалык тесттерди жеткирүү Дүйнөлүк банктын атайын фонду тарабынан каржыланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM