Биз менен байланышыңыз

«Жалпы иш» фонду шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн краудфандинг жарыялады

Блог , Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 911 | 0

P.S.: Материалдын мазмунуна «Жалпы иш» коомдук фонду жоопкер 

Биз сиздердин колдооңуздарга муктажбыз!

«Жалпы иш» коомдук фонду жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо учуруна көз карандысыз байкоо жүргүзүү үчүн краудфандинг долбоорун баштады. Азыркы учурда Ош, Бишкек шаарларында толук байкоо жүргүзүп жатабыз, мындан сырткары облустук маанидеги шаарларда чектелген байкоо жүргүзүүдөбүз.

Добуш берүү күнү Токмок, Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен жана Кайыңды шаарларында байкоо иштерин күчөтүү үчүн кошумча колдоого муктажбыз. Бул үчүн 300 миң сомдон кем эмес каражатты 10 күндүн ичинде чогултушубуз керек.

Сиздердин жардамыңыздар менен биз активисттерди шайлоодогу эреже бузууларды каттап турууну, көз карандысыз маалыматты чогултууну жана көзөмөлдөө ишин жүргүүзүүнү үйрөтөбүз. Шайлоонун жүрүшү жөнүндө көз карандысыз маалыматты чогултуп, анализдеп жарыялайбыз.

Буга чейин биз менен иштешип келген миңдеген байкоочуларга жана өлкөбүздүн кайдыгер эмес жарандарына кайрылабыз: бизге ар кандай колдоо жана каражат чоң пайдасын тийгизет! Сиздин колдооңуздардан жана соцтармакта биздин маалымат менен бөлүшүүңүз биз үчүн чон мааниге ээ!

Мамлекетибиздин жарандары көз карандысыз маалыматка муктаж!

Жардам берүү үчүн реквизит:

ЭЛСОМ электрондук капчык: Агенттин коду – 41604

КОТОРУУ ҮЧҮН РЕКВИЗИТТЕР

Алуучунун банкы: ЖАК «Кыргыз инвестициялык-насыя банкы» (KICB)

БИК: 128001

Алуучу: «Жалпы иш» коомдук фонду

Алуучунун эсеби: 1280016056070154

Багыттары: шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүгө ыктыярдуу которуу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM