Биз менен байланышыңыз

Бразилияда COVID-19дан каза тапкандар көп каттала баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1239 | 0

Бразилияда COVID-19 илдетинен каза тапкандар көп каттала баштады. Эсеп күн сайын миңдеп саналууда. Куткарууга мүмкүн болбой калган бейтаптардын сөөгү күн-түн дебей, дароо жерге берилүүдө.

Карантиндик маселелер саясатташып жатканын жергиликтүүлөр айтууда. Ошентип, Ирландия бийлиги Франция, Италия жана Германиянын жарандарын мейманканалардын карантиндик схемасына киргизбөө чечимин кабыл алды. Өкмөт Дублин менен Брюсселдин ортосундагы чыңалуунун күчөшүнөн чоочулоодо. Буга чейин «карантиндик тизмеде» элүүдөн ашуун мамлекет бар экени жарыяланган, бирок алардын бири да Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн эмес.

Ошол эле учурда, континентте жаңы жылдан кийин Пасха карантини кирип келди.

Австриянын чыгыш бөлүгүндө катуу чектөөлөр киргизилди. Адамдардын үйдөн чыгуусуна тыюу салынды. Учурда азык-түлүк дүкөндөрү менен дарыканалар гана иштеп, ИИМ ченемдердин аткарылышын көзөмөлгө алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM