Биз менен байланышыңыз

Жанар тоолор ойгонууда

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1369 | 0

Ушул күндөрү жанар тоолордун активдүүлүгү болуп көрбөгөндөй күч алууда. Гватемалада орун алган Пакая жанар тоосу — миңдеген туристтерди өзүнө тартып турат. Блогер, тик-токерлердин жардамы менен бул жердин атагы артууда. Жергиликтүү бийлик жанар тоонун жанына жакын барып, видео жаздырууну каалаган жаш блогерлерге өмүрүнө коркунуч тууларын эскертип келет!

Исландияда да туристтердин бүйүрүн кызыткан жанар тоо — кооптуу. Анткен менен кооздугу ойноп турган мезгил. 6 миң жылга жакын уйкуда жаткан, жергиликтүү жанар тоо кайрадан күчүнө кирген. Жалын тоонун этегине келген туристтердин саны да рекорддук чекке жеткен. Табият кубулушун сүйүүчүлөр ар кайсы мезгилде жанар тоону сүрөткө тартып кетишет. Фотого түшүрүлгөн кадрлар башка планеталардын көрүнүшүн элестетет.

Европадагы эң ири жанар тоо да башкалардан артта калган жок. Сицилиядагы Этна жанар тоосу февраль айынын башынан бери 17 жолу жалындап, атылган. Жалын тоонун күлү көбөйгөндүктөн, Катания аэропортунун иши убактылуу токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM