Биз менен байланышыңыз

Стамбулда башаламандык орун алды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1455 | 0

Стамбулда абал тынч эмес. Босфор университетинин студенттери жана окутуучулары кайрадан нааразычылыгын билдирип чыкты. Анын келип чыгышына университет эрежесинен тыш, жаңы ректордун дайындалгандыгы себеп болгон.

Университеттин башчысын салтка ылайык, профессордук-окутуучулук курам тандашы керек эле. Митингчилер бул чечимди демократиялык эмес жол менен ишке ашканына нааразы.

Бир нече убакыттан кийин активисттер полиция менен кагылыша кетип, башаламандык орун алды. Мындан улам, митингчилерди камакка алуу башталып, 30дан ашуун студент кармалган. Каршы чыккандар нааразычылыктын дагы бир себебин буга чейин эле аларга карата куугунтуктоо болуп жатканы менен байланыштырды. Ал ортодо тартипсиздик орногон аймакта гомосексуалдардын укугун коргогон кыймылдын өкүлдөрү тилектештик катары асан-үсөн желегин жайнатып көтөрүп чыгышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM