Биз менен байланышыңыз

Марипов Казакстандык кесиптеши Мамин менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1010 | 0

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынына катышуу алкагында Казакстандын өкмөтүнүн башчысы Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту.

Анда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде президент Садыр Жапаровдун Казакстанга жасаган расмий сапарында жетишилген макулдашууларды, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жолугушуу Казакстандын Кордай айылында өттү.

Бүгүн, 2-апрелде кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы «Ак-Жол-автожол» жана «Кордай автожол» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ачылышы болду.  Салтанатка эки өлкөнүн өкмөт башчылары катышты.

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү бекетин жаңылоо иши 2020-жылы башталган. Долбоордун жалпы сметалык наркы 342,3 млн сомду түзөт.

Жаңылангандан кийин көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эсеге жогорулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM