Биз менен байланышыңыз

Францияда кайрадан карантин башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1211 | 0

Франция буга чейин Covid-19 илдетине байланыштуу 19 департаментине карантин жарыялаган. Эми 3-апрелден тарта бул чектөө өлкөнүн бардык аймагына киргизиле турган болду. Бул тууралуу Франциянын президенти Эммануэль Макрон теле кайрылуу учурунда билдирди.

Карантин 11-майга чейин созулуп, кийинки жумадан баштап окуучулар кайрадан онлайн окууга өтөт. 12-апрелден тарта эки жумалык жазгы каникул башталат. Андан кийин бала бакчалар менен башталгыч класстын окуучулары үчүн мектептер иштеп баштайт. Колледж, лицейлердин студенттери 3-майдан тарта аралыктан окууну баштайт.

20-марттан баштап Франциянын 16 департаментине, анын ичинде Париж шаарына карантиндик чектөө киргизилген. Бир жумадан кийин булардын катарына дагы үч департамент кошулган. Анда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалардан башкасы бүт жабылып, аймактар аралык каттоого тыюу салынган.

Октябрдын аягынан бери өлкөдө кафе, ресторан, бар, музей, театр, кинотеатрлар жабык турат. Акыркы бир нече жуманын ичинде Францияда эпидемиялык абал начарлап, бейтаптардын саны көбөйө баштаган.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 4,5 миллиондон ашуун адам COVID-19га чалдыгып, 95 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Декабрдын аягынан тарта COVID-19га каршы эмдөө башталган. Биринчи вакцинаны 8,5 миллион, экинчисин 2,8 миллион адам алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM