Биз менен байланышыңыз

Динара Аляева: Мага министрлик пол жуугуч болуумду сунуштаган

Кыска кабар , Пикирлер | 1 Апр 2021 | 1659 | 0

Динара Аляева онкологиялык оорулууларга жардам берген фонддордун дүйнөлүк ассоциациясынын (ALSAC) атайын программасынын алкагында АКШдагы Индиана университетинин Филантропия мектебинде окуган, ошондой эле Англиянын Бирмигам университетинде саламаттыкты сактоо саясаты жана башкаруу боюнча билим алган.

Кыргызстанда биринчилерден болуп, балдар хосписин негиздеген. Ал чет жерден алган тажрыйбасын колдонуп, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагына өз салымын кошууну максат кылат. Дал ушул мүдөөнүн арты менен 2020-жылдын октябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлигине барганын, ал жерден супсунун сууткан жооп укканын Динара Аляева Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын жазгандарын өзгөртүүсүз которуп бердик:

«Окууну аяктагандан кийин көптөгөн пландарым болгон. «Биздеги саламаттыкты сактоо тармагына көп нерсе жасайм» деп ойлогом. Саламаттыкты сактоо министрине жумушка кирүү үчүн бардым. Бирок мага «кызыл зонада» пол жууп туруу сунушталды. Жашоомдо пол жууп гана тим болбостон, идиш-аяк да жууп, кассир, официант, мугалим, директор болуп иштегем. Ал мен үчүн жаңылык деле эмес. Бул жагдай жөн гана президент дайындаган жетекчилердин деңгээлин көрсөттү.

Кыргызстандыктар чет жакта илимий ачылыштарды жасоодо, ал эми жергиликтүү чиновниктер акылсыз чечимдери менен дүйнөнү таң калтырууда.
Биздин өлкөдө буга чейин да, азыр да эл бааланбай келет. Мен бул жерде англис тилин билген, чет жактан билим алган, прогрессивдүү көз караштагы көптөгөн таланттуу адамдар менен тааныштым. Алардын көпчүлүгү жарым-жартылай жумуштарда: котормолордо, консультацияларда, долбоорлордо иштешет. Бирок аларда каржылык жана моралдык жактан келечекке болгон ишеним жок.

Кыргызстан мындай түрдөгү адам капиталы менен таптакыр көйгөйгө кабылбашы керек эле. Бирок ар бир келген президент мурда болуп келген каталарды кайра кайталап, жөндөмсүз адамдарды мамлекеттик башкарууга дайындоодо. Кимдир бирөө баарына системаны күнөөлөсө, башкасы ишенимдүү адамдарсыз өлкөнү башкаруу мүмкүн эмес дешет. Мен бул боюнча перзиденттин эрки жетишсиз деп эсептейм.

Кыргызстанда 30 жылдан бери бейишти убада кылып келген саясатчыларды, алардын бизнес кызыкчылыктарын коргоо үчүн шайлоого катышып жаткан балдарын кууп чыгууга, чыныгы люстрацияны жүргүзүүгө эрки жетет. Чет жакта окуган, чет мамлекетте белгилүү компанияларда иштеген бардык жаштарды чакырып, аларга атаандаш боло алган айлык акы сунуштап, революциялык реформаларга даяр болуубуз керек. Элге зордоп таңууланган Конституциянын кезектеги катчысы катары эмес, чыныгы реформатор катары тарыхта калуунун бирден бир жолу — ушул».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM