Биз менен байланышыңыз

Орусия айбанаттарды да коронавируска каршы эмдейт

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1534 | 0

Орусияда айбанаттар үчүн коронавируска каршы «Карнивак-Ков» вакцинасы өндүрүлдү. Бул тууралуу Орусия Айыл чарбасын көзөмөлдөө органынын вице-президенти Константин Савенков билдирди.

Маалыматка ылайык, вакцинанын клиникалык сыноолору 2020-жылдын октябрь айында башталып, сыноодон ит, мышык, арктикалык түлкү, булгун, түлкү жана башка жаныбарлар өткөн.

Изилдөө учурунда вакцинанын зыяны жок экени аныкталган. Эмделген жаныбарлардын баары ооруга каршы антитело иштеп чыгып, иммунитети алты ай бою коргоодо болгон. Препаратты көп өлчөмдө чыгаруу апрель айында башталат.

Савенковдун айтымында, бул вакцинаны ата мекендик мех фирмаларына, Греция, Польша жана Австрияга жеткирүү мерчемделүүдө. Ошондой эле АКШ, Канада жана Сингапурдун ишканалары да «Карнивак-Ковго» кызыгып жатышканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM