Connect with us

Путин оппозициячыл Навальный боюнча түшүндүрмө берди

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1287 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен онлайн форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда Орусиянын «Sputnik V» вакцинасын Европа Биримдигинин каттоосунан өткөрүү, Европа өлкөлөрүнө жеткирүү жана биргелешип өндүрүү маселелери каралып, коронавирус илдети менен биргеликте күрөшүү чаралары сүйлөшүлдү.

Ошондой эле, үч өлкөнүн лидери эл аралык күн тартибиндеги маселелерге да токтолушту. Чыгыш Украина, Беларусия, Иран жана Ливиядагы соңку кырдаалды талкуулашты. Сириядагы абалга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөтүү башкы орунда экендиги да белгиленди.

Макрон менен Меркель сүйлөшүүдө орусиялык саясатчы Алексей Навальныйга байланыштуу маселени да көтөрүп, Путин аларга тийиштүү түшүндүрмөлөрдү берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM