Биз менен байланышыңыз

Орусия COVID-19га каршы дагы бир вакцина жасап чыкты

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1096 | 0

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы «Спутник Лайт» вакцинасын каттоодон өткөрүү үчүн документтерди даярдады. Бул тууралуу «РИА Новости» билдирди.

«Спутник Лайт» вакцинасы буга чейин өндүрүлгөн «Спутник V» топтомуна кирет. Ал Гамалея борбору менен Орусиянын Түз инвестициялар фонду (РФПИ) тарабынан иштелип чыккан. Учурда клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы өтүп жатат.

РФПИнин төрагасы Кирилл Дмитриев «Спутник Лайт» оору күч алган тышкы өлкөлөргө багытталганын, Орусия үчүн «Спутник V» вакцинасы жетиштүү экенин айтты.

Гамалея борборунун директору Александр Гинтсбург бул вакцина илдеттин күчүн азайтарын, ошол эле учурда эмдөөдөн кийин иммунитет 3-4 айга чейин коргоодо болуп, натыйжалуулугу 85% ды түзөрүн маалымдады.

«Спутник Лайт» вакцинасы менен бир гана жолу эмделет. Эгер эмделген адам коронавируска чалдыкса, оору жеңил өтөт. Анткени вирус козгогуч өпкөгө түшпөйт. Коргонууну күчөтүү үчүн үч айдан кийин кайра эмдөөдөн өтсө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM