Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Шайлоого байланыштуу фактылар иликтенип жатат

Кыска кабар , Саясат | 30 Мар 2021 | 1167 | 0

Ички иштер министрлиги 11-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдум боюнча үгүт иштерине байланыштуу 78 маалыматты каттады. Анын 21и кылмыш, 15и жорук, 4ү бузуулар катары каралууда.

Ушул тапта беш учур боюнча териштирүү жүрүп жатканын Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулу 30-марттагы маалымат жыйында кабарлады.

— Жогоруда аталган кылмыштардын ичинен бир факты кылмыштын курамы аныкталбагандыктан токтотулган. Калган 20 факты сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Жоруктар боюнча бир факты токтотулуп, калган 14ү өндүрүшкө алынган.

Бузуулар боюнча 4 иш катталып, тийиштүү чараларды көрүү үчүн аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлгөн. Ал эми электрондук журналга катталган 38 факты мыйзам чегинде каралып, жыйынтыгы чыгарылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын маалыматына таянсак, БШКга үгүт маалындагы мыйзам бузуулар тууралуу 30дан ашык кайрылуу түштү.

Анын ичинен шайлоочунун укугун бузуу боюнча – 1, сатып алуу – 9, административдик ресурс колдонуу – 8, коркутуу жана кысым көрсөтүү – 1, талапкер тарабынан жалган маалымат таратуу боюнча – 1, үгүттөөнүн эрежесин бузуу – 3, шайлоо кампаниясын каржылоо маселесин бузуу – 3, жана башка – 6.

— Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталган, алар боюнча тергөө жүрүүдө. Анын ичинен 2 факт Аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилди, ошондой эле 2 факты боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, — деди Шайлдабекова.

Ал резонанс жараткан маселелер бар экенин, буга чейинки тажрыйбага ылайык, добуш сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу мыйзам бузууларды күчөтүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты.

Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нурдин Эшимкан уулунун маалыматына караганда, ушул тапта Ош облусу боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде териштирүү жүрүүдө.

266-берененин негизинде бейбаштык боюнча бир иш катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. 320-беренедеги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун негизинде облустук милиция териштирүү жүргүзүп жатат. 192-берене боюнча 9 иши иликтенип жатат, 200-берене, уурдоо фактысы Баткендеги шайлоо тилкелеринин биринен ноутбук уурдалганы кабарланган. Ал кайтарылып берилди. Документтерди жасоо боюнча бир, алдамчылык боюнча бир иш катталып, айыпталган адам үй камагында.

Токмок шаарында жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанган партиялардын биринин талапкерин ур-токмокко алышкан. 13-мартта аял талапкер милицияга кайрылып, өзүн кафеде сабашканын айтып арызданган. Бул факты учурда иликтенип жатат.

Министрликтин өкүлү партиянын аталышын ачыктаган жок.

29-мартта Бишкек шаарынын Ленин райондук администрация башчысы Чынасыл Чыныбаев УКМК тарабынан кармалган. Ал шаардын бюджетинен алынган акчаны партиялардын бирин колдоого бөлгөн деп айыпталган.

Чыныбаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда бул маалымат БШКнын ыкчам жооп кайтаруу координациялык тобуна берилди.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовдун айтымында, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында милиция 5-апрелден тарта күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт.

— Өлкөдөгү 2 миң 435 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти камсыз кылуу максатында 4 миңден ашык милиция кызматкери бекитилген. Ар түрдүү укук бузууларды алдын алып, ыкчам чара көрүү үчүн 215 документтештирүү тобу түзүлдү. Ал топтордо 900дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Ошондой эле 380ден ашык автоунаа менен 1500дөн ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Жарандардын коопсуздугун камсыздоодо 6 миңден ашык элдик кошуун да ички иштер органдарынын кызматкерлерине жардам берет.

11-апрель күнү Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 12-мартта башталган.

Ошол эле күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум болот.

ИИМдин маалыматына караганда, шайлоо күнү өлкө боюнча 11 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту көзөмөлдөйт. Добуш берүү күнү 5 миңдей кызматкер шайлоо тилкелерин кайтарат.

Copyright © 2017 Maral FM