Биз менен байланышыңыз

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстанга келет

Кыска кабар , Спорт | 30 Мар 2021 | 1426 | 0

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти, дзюдо боюнча кара курдун ээси Мариус Визер Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Чет элден келе турган өкүлчүлүктүн курамында Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи да бар.

Иш сапардын негизги максаты Борбор Азиядагы дзюдонун өнүгүшүнө байкоо салуу, 2021 -жылы Кыргызстанда өтө турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын жана Кыргыз дзюдо академиясынын ачылышына катышуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, өкүлдөрдү өлкөгө Улуттук дзюдо федерациясынын президенти чакырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM