Биз менен байланышыңыз

Мьянмадагы кагылыштарда курман болгондордун саны 510го жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1345 | 0

Мьянма өлкөсүндө февраль айынан бери токтобой жаткан аскердик бийлик менен демонстранттардын кагылышуусунан каза тапкандардын саны 510 адамга жетти. Бул тууралуу Мьянманын саясий туткундарына жардам берүү уюму кабарлады.

Акыркы бир суткада эле 24 адам курман болгон. Учурда 2574 адам камакта жатат.

27-марттан бери көз жумгандардын арасында 14 тестиер-өспүрүм, бир полиция кызматкери бар экени маалымдалды.

Мьянманын бир нече шаарларында баррикада согуштары жүрүп жатат. Полиция демонстранттарды кууп таркатуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ, желим ок жана аскердик курал-жарак колдонушууда.

Мьянманын көптөгөн шаарларында аскердик бийликке каршы ири нааразычылыктар күн сайын өтүүдө. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мамлекеттик жана медицина кызматкерлеринин 70 %дан ашыгы иш таштоого өттү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM