Биз менен байланышыңыз

Суэц каналында кемелердин каттамы жанданды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 1137 | 0

Дүйнөдөгү эң ири «Ever Given» кемеси жаап калган Суэц каналында каттам жанданды. Чет элдик басылмалар маалымдагандай, бир нече күн тыгында турган 110 кеме кезек-кезеги менен өтүп баштады.

«Ever Given» контейнер кемеси 23-мартта Суэц каналынын түштүк тарабына кептелип, жолду жаап калган. Япониянын «Shohei Kisen» компаниясы кырсыктын келип чыгуусун деңиз бороону менен байланыштырууда. Ал эми Египет бийлиги окуяга кеменин капитанын күнөөлөп, кенемте талап кылууда.

Кемеде Кытайдан Голландиянын Роттердам шаарына алынып бараткан 20 миңден ашуун оор контейнер болгону айтылды.

29-мартта чыгарылган кемени техникалык кароодон өткөрүү үчүн чиркегичтердин жардамы менен түндүктү көздөй алып кетишти.

400 метрлик кеменин Суец каналын тосуп калышы дүйнөлүк соодага таасир этти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM