Биз менен байланышыңыз

Исфана-Бишкек, Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча күн сайын учак каттамдары коюлат

Кыска кабар | 30 Мар 2021 | 2407 | 1

Кыргызстандын «Авиа Трафик» жана «Тез Жет» авиакомпаниялары өлкө ичиндеги каттамдарынын санын көбөйтмөкчү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Авиа Трафик» компаниясы Бишкек – Ош – Бишкек  багыты боюнча жумасына 7 жолу учууну пландаган.

Ал эми «Тез Жет» авиакомпаниясы:

Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча жумасына 4 жолу;

Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча жумасына 7 жолу;

Бишкек – Исфана – Бишкек багыты боюнча да жумасына 7 жолу;

Бишкек – Ош – Бишкек каттамы боюнча жумасына 25 жолу учууну пландаган.

Бирок маалыматта жогоруда айтылган ички каттамдар кайсы датадан баштап ишке ашары тууралуу так айтылган эмес.

1 пикир

1 пикир

  1. Нарике

    30.03.2021 13:04

    Билеттерди арзандаткыла элге оорураак болуп турат инвалиттерге пенсиянерлерге кичине болсо дагы жеңилдик болуш керек

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM