Кыргызстандын «Авиа Трафик» жана «Тез Жет» авиакомпаниялары өлкө ичиндеги каттамдарынын санын көбөйтмөкчү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Авиа Трафик» компаниясы Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча жумасына 7 жолу учууну пландаган.
Ал эми «Тез Жет» авиакомпаниясы:
Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча жумасына 4 жолу;
Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча жумасына 7 жолу;
Бишкек – Исфана – Бишкек багыты боюнча да жумасына 7 жолу;
Бишкек – Ош – Бишкек каттамы боюнча жумасына 25 жолу учууну пландаган.
Бирок маалыматта жогоруда айтылган ички каттамдар кайсы датадан баштап ишке ашары тууралуу так айтылган эмес.