Кыргызстандын «Авиа Траффик» компаниясы бир катар эл аралык каттамдардын санын арттырат. Бул тууралуу «Манас» аба майданын басма сөз кызматы билдирди
«Авиа Траффик» компаниясы 28-марттан тарта жаз-жай мезгилине карата эл аралык каттамдардын санын көбөйттү. Ага ылайык каттамдар төмөнкүдөй нөөмөт менен ишке ашат:
Бишкек – Анталия – Бишкек (жумасына 3 жолу)
Бишкек – Дели – Бишкек (жумасына 3 жолу)
Бишкек – Стамбул – Бишкек (жумасына 2 жолу)
Орусияга болгон багыттары:
Бишкек – Воронеж – Бишкек – (жумасына 1 жолу)
Бишкек – Грозный – Бишкек — (жумасына 1 жолу)
Бишкек – Иркутск – Бишкек — (жумасына 1 жолу)
Бишкек – Казань – Бишкек — (жумасына 1 жолу)
Бишкек – Краснодар – Бишкек — (жумасына 1 жолу)
Бишкек – Красноярск – Бишкек — (жумасына 2 жолу)
Бишкек – Новосибирск – Бишкек — (жумасына 3 жолу)
Бишкек – Санкт-Петербург – Бишкек (жумасына 2 жолу)
Бишкек – Сургут – Бишкек — (жумасына 1 жолу)
Кыргызстанда алгачкы жолу «Air Manas» жаңы учак сатып алууда