Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда алгачкы жолу «Air Manas» жаңы учак сатып алууда

Кыска кабар | 17 Мар 2021 | 4239 | 2

Жакынкы күндөрү Кыргызстандын «Air Manas» авиакомпаниясы «Airbus A-220-300» учагына ээ болот. Бул тууралуу авиакомпаниянын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын тарыхында жүргүнчүлөрдү ташыган авиакомпания алгачкы жолу жаңы учак сатып алууда. Буга чейин кыргызстандык авиакомпаниялар колдонулган эски учактарды гана сатып алып келген. «Өндүрүүчүдөн түз учак сатып алуу — Кыргызстандын жарандык авиациясын жаңы бир тепкичке көтөрөт», — деп айтылат маалыматта.

«Airbus A-220» — бардык реактивдик учактардын ичинен үн добушу басаң чыккан жана азот кычкылын учурда адаттагы нормадан 50% төмөн бөлүп чыгарган Кыргыз Республикасындагы эң жаш учак.

«Airbus A-220» учагынын салону жүргүнчүлөргө ыңгайлуу, борту кенен жана 145 оруну бар.

2 пикир

2 пикир

  1. Тазагул

    01.10.2021 21:11

    Кандай жакшы кабар, жаны учагыбыз кут болуп, акжолтой кызмат отосун, олкобуз алгалай берсин.

  2. Сансызбай

    03.10.2021 18:15

    Малатсы классно

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM