Биз менен байланышыңыз

Эксперттер: Өзбекстан сууга көзөмөл кылууга умтулууда

Кыска кабар , Саясат | 29 Мар 2021 | 2511 | 0

Өткөн жуманын соңунда бийлик кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы талаштуу жерлер боюнча маселе жүз пайыз чечилгенин шардана кылды. Бирок эл сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир топ көйгөйлөрдү байкады.

Кыргыз тараптан Өзбекстанга суулуу жерлер, айрыкча стратегиялык маанидеги обьектилер — Орто-Токой менен Кемпир-Абаддын берилери чоң нааразылык жаратты.

Алгач кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын жыйынтыктоочу протоколунун мазмунуна токтолсок.

Кыргызстанга айрым талаштуу жерлер өттү, Өзбекстан сууга көзөмөлдү алды

Орто-Токой суу сактагычынын эсебинен Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылынан 105 гектар жер, Баястан участогунда 212 гектар, Кара-Белес айылында 25 гектар жер, Кара-Суу районундагы Ак-Таш участогунда 100 гектар жер Кыргызстанга жазылды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстанга жалпысынан 8 миң гектар жер өттү.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын башкаруусуна өттү. Эки өлкө суу сактагычтын плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланмай болушту.

СССР мезгилинде Кыргызстандын аймагында Өзбекстан пайдаланган чоң суу сактагычтар курулган. Алар: Орто-Токой, Керкидан жана Кемпир-Абад. Бул объектилер боюнча маселени чечүүдө Өзбекстан үчүн суу сактагычтарга көзөмөл кылуу маанилүү болгон. Эксперттер: «Аталган өлкө ушул максатына жетти», —  дешет.

Кемпир-Абад суу сактагычы курулганда көптөгөн жерлер сазга айланып, үйлөргө да зыян келтирилген. Компенсация төлөнүп, Кыргызстандын кызыкчылыгы толук сакталбаганы боюнча да нааразылык көп.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаков Кемпир-Абад суу сактагычын колдонууда Кыргызстан колунда бар эң чоң рычагын пайдалана албай келгенин сындады.

-«Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу, Орто-Токой суу сактагычы, Керкидан, Кемпир-Абад суу сактагычтары боюнча билдирүүлөрдү укканда, суу башкы ресурс экенин, ал үчүн күрөшүү керектигин адис болбогон киши деле түшүнөт. Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Кыргызстандын колунда чоң рычаг бар, бирок биз аны пайдалана албай жатабыз. Советтер Союзунан бери сууну өзбектер колдонгону үчүн биз өмүр бою компенсация алып турушубуз керек. Газды арзан баада бергиле дедик, бербей коюшту. Биз сууну бууганга аракет кылганда, «Кудай берген сууну бекер алышыбыз керек» деп айтышты, жаратылыш газын деле Кудай берген. Тактап айтканда, бартердик жол менен алышыбыз керек эле. Кемпир-Абад суу сактагычындагы суунун көп бөлүгүн Өзбекстан пайдаланса да, кенемте алып, рычагды колдо кармап турушубуз керек эле. Бул эң маанилүүсү болчу. Себеби Өзбекстандын аскери, экономикасы күчтүү.

Кыргызстандын буга чейинки бийлик жетекчилери азыркыдай позицияда болгон эмес. Ошондон улам, азыркы сүйлөшүү жүргүзүп жаткандардын чыныгы адис экенине күмөнүм бар. Буларда суу, жер мамлекеттики деген түшүнүк жок окшойт. Коомчулук баары бир каршы турат буга.

Эки мамлекеттин делегациялары жыйынтыктоочу протоколго 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында кол коюшкан.

Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер алмашуу принциби менен такталганы кабарланган.

Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев 30-марттан тарта элге маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн кабарлады.

-Биз негизинен Өкмөттүк делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев менен биргеликте Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барабыз. Анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беребиз.

30-мартта Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт. Ошол эле күнү кечки саат 17.00дө Өзгөн райондук администрациясынын имаратында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт.

31-мартта саат 14.00дө Ала-Бука райондук администрациясынын имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу болот.

Кемпир-Абад суу сактагычы жөнүндө кооптонуулар көп болуп жатат. Белгилүү адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору Садык Алахан да өз оюн социалдык тармак аркылуу билдирди. Ал суу сактагыч курула элек кезде ошол аймакта чоңойгон. Садык Алахан өзбек элинин психологиясын жакшы түшүнөрүн, алар кийин документке таянып, Кемпир-Абад суу сактагычын тосуп алышы да толук мүмкүн экенин жазган.

Саясий эксперт Айданбек Акматовдун пикиринде, Өзбекстандын өтө чоң стратегиялык кызыкчылыктары бар. Алар Анжиян-Ош-Эркештам темир жолун курууну көздөйт. Кыргызстан Кытайга Торугарт аркылуу темир жол салууну сунуштап келет.

-Бир четинен сүйлөшүүлөр болуп, чек аралар такталганына ынанганыбыз менен көптөгөн маселелер бар экенин айтуу керек.» Суу сактагычтарды берүүдө Кыргызстандын кызыкчылыктары канчалык сакталды, мүмкүн айрым учурларда биргелешип иштетүү керек, балким Кыргызстан өзүнүн аймагында өзү иштетсе, Өзбекстан ага төлөгөн болсо, бизде көбүрөөк стратегиялык утуштар болот беле?» — деген ой бар.

Негизи Өзбекстан эмнени каалайт?

Биринчиси, Кытайга транзит темир жолун алуу, тагыраагы, Анжиян-Ош-Эркештам темир жолун куруу алар үчүн эң ыңгайлуу, себеби жакын болот. Кыргызстан Кытайга Торугарт аркылуу темир жол курууну сунуштап келет. Бул жол өзбек тарапка узак жана кымбатыраак болот.

Экинчиден, Кыргызстандын аймагы аркылуу ЕАЭБ биримдигине товар чыгаруу.

Үчүнчүсү, өзүнүн товарлары менен Кыргызстандын рыногун ээлөөнү көздөйт. Бул — ар бир мамлекет каалай турган максат. Мына ушул үч максатты ишке ашырууда Ташкент абдан ырааттуу кадамдарга барууда.

Буга каршы чыгуунун деле кереги жок. Тескерисинче, колдоо керек, болгону Кыргызстандын да кызыкчылыктарынын сакталышын талап кылуу шарт.

Протоколдо бекитилген жерлерди картага түшүрүп, тактап жазуу иштерине үч ай кетери буга чейин айтылган. Бир топ көйгөйлөр ошол учурда ачыкка чыгат. Жумушчу топтун чечими өкмөткө берилип, өкмөт парламенттин кароосуна киргизет, андан кийин президенттин кол коюусуна жиберилет. Адатта жумушчу топтун сунушу жактырууга ээ болот.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымга жакын.

Эки өлкөнүн тактала элек аймактары эң маанилүү объектилер болчу. Көбүнчө суулуу жерлер. Азыр «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен чогуу куруу демилгеси да талкуу жаратып жатат.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов каршы чыгып келген. Бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден кийин Өзбекстан позициясын өзгөрткөн.

Кыргыз коомчулугунда суудан көз каранды болгон Өзбекстанды Кыргызстандын аймагындагы сууга көзөмөл кылууга жол бербөө керек деген пикирлер арбын.

26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен чогуу курууга 2 миллиард доллар жумшаларын айткан.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин курууда Кыргызстандын кызыкчылыгын сакталышы үчүн эмнелер эске алынышы керектигин энергетика маселелери боюнча адис Мырзатай Султаналиев «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Кыргыз-өзбек өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны жакынкы убакта Кыргызстандын аймагында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM