Биз менен байланышыңыз

Чехияда коронавирустун жаңы штаммы пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Мар 2021 | 994 | 0

Чехияда коронавирус инфекциясынын жаңы түрү катталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдиргенин «ТАСС» агенттиги жазды.

Коронавирустун жаңы штаммын Брно шаарындагы «Elisabeth Pharmacon» адистештирилген лабораториясынын кызматкерлери аныкташкан. Алардын айтымында, вирустун бул түрү Британияда жана Түштүк Африкада табылган штаммдардай өтө кооптуу эмес. Анткен менен кылдат изилдөө иштери уланууда.

Буга чейин Индияда да кош мутациясы бар коронавирустун жаңы штаммы аныкталган. Индия бийлиги оорунун тез көбөйүшүнө ушул түрдүн таасири бар же жок экени боюнча маалымат бере элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM