Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Түркмөнстанда парламенттин жогорку палатасына шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Мар 2021 | 784 | 0

Бүгүн, 28-мартта Түркмөнстандын парламентинин жогорку палатасына шайлоо болот. Жума күнү өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт иштери аяктаганын жана шайлоо өткөрүүгө даяр экендигин жарыялаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Түркмөнстан парламентинин Элдик Кеңеши (Халк Маслахаты) 56 мүчөдөн турат, алардын ичинен 48 адам беш аймактан жана Ашхабад шаарынан жергиликтүү Элдик Кеңештердин жыйналыштарында жашыруун добуш берүү менен шайланат. Калган сегиз мүчөсүн президент дайындайт.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 48 мандатка жалпы 112 талапкер катталды. Алардын 29у аялдар.

2019-жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов парламенттин эки палаталуу тутумуна өтүүнү сунуштаган. Эми Межлис төмөнкү палатанын, ал эми Халк Маслахаты — парламенттин жогорку палатасынын ролун аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM