Биз менен байланышыңыз

Каирде он кабаттуу үй кулап, адамдар каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Мар 2021 | 759 | 0

Египеттин борбору Каирде он кабаттуу үй кулап, кеминде беш адам каза болуп, 23 адам жаракат алды. Бул тууралуу Al-Ahram гезити кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, кырсык Хиср-ас-Сувейш районунда болгон. Учурда куткаруучулар урандылардын арасынан аман калгандарды издеп жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча, үйдүн кулашына анын үстүндөгү дагы эки кабаты мыйзамсыз курулгандыгы себеп болгон.

Буга чейин, Каирде төрт кабаттуу үй кулап түшкөн. Египеттин шаарларындагы үйлөрдүн кулашына алардын курулушундагы коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болууда. Тургундар үчүн бийликтин уруксатысыз кошумча кабаттарды куруу кадимки көрүнүш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM